Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 90
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 19-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 9, 407-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьяда:
а) статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"продукцияны каталогдоштуруунун мамлекеттик тутуму (ПКМТ) - мамлекеттик органдарды, ишканаларды жана уюмдарды республикада чыгарылган продукциянын номенклатурасы, керектөө жана эксплуатациялоо мүнөздөмөлөрү, анын даярдоочулары жана продукция бериле турган стандартташтыруу боюнча документтер жөнүндө ар тараптуу жана так маалыматтар менен камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык маалыматтык тутум;
техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификатору (мындан ары - мамлекеттик классификатор) - техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациясына (класстарына, топторуна, түрлөрүнө) шайкеш бөлүштүрүүчү жана мамлекеттик маалыматтык тутумдарда жана ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте маалыматтарды ведомстволор аралык алмашууда милдеттүү болуп саналган стандартташтыруу боюнча документ;";
б) бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"шайкештикти декларациялоо - жүгүртүлүүгө чыгарылып жаткан продукциянын техникалык регламенттердин талаптарына шайкештигин милдеттүү түрдө тастыктоонун формасы;";
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
"региондук стандарт - стандартташтыруу боюнча региондук уюм тарабынан кабыл алынган стандарт;
региондук классификатор (анын ичинде мамлекеттер аралык) - стандартташтыруу боюнча региондук орган тарабынан кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документ;";
г) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма бешинчи абзац менен толукталсын:
"уюмдардын стандарты - өндүрүштү өркүндөтүү жана чыгарылуучу продукциянын, иштерди аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын камсыз кылуу үчүн юридикалык жак тарабынан бекитилген стандарт;";
д) статья төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма жетинчи абзац менен толукталсын:
"техникалык шарттар - продукция даярдоочу тарабынан бекитилген, продукцияга карата техникалык талаптарды белгилөөчү документ;";