Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 18-июлу № 94
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) он экинчи абзац ", ички иштер маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери" деген сөздөр менен толукталсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын:
"аскер кызматына чакыруу боюнча иш-чаралар - чакыруу кагазын жиберүү жана алуу, райондук (шаардык) аскер комиссариатынын чакыруусу, чакыруу боюнча комиссиядан өтүү, милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, жыйноо пункттарында аскер бөлүктөрүн комплекттөө үчүн аскердик командаларды түзүү, Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүмдөрдүн жана мыйзамда аскер кызматы каралган мамлекеттик органдардын аскер бөлүктөрүнө жөнөтүү;";
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма тогузунчу абзац менен толукталсын:
"угуучулар - окуу бөлүктөрдө (борборлордо), жогорку аскердик окуу жайларда окуп жаткан офицердик курамдагы аскер кызматчылары;";
2) 3-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "Медициналык же башка атайы даярдыгы бар," деген сөздөр алып салынсын;
3) 21-беренеде:
а) 1-бөлүктөгү "Жыйырма беш" деген сөздөр "Жыйырма эки" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Жыйырма экиден кырк жашка чейинки курактагы, мурда ар кандай себептер боюнча альтернативдик кызматтан өткөн жарандар ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мобилизациялык резервдин жыйындарынан өтүүгө укуктуу.";
4) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Жарандардын жогорку аскердик окуу жайларына тапшыруусу. Аскердик окуу жайларда окуп жаткан жарандар менен аскер кызматын өтөө жөнүндө контракттарды түзүү