Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 22-июлу № 97
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашууну ратификациялоо тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2019-жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ден соолук кербени (Кыргыз Республикасы)" долбоорун каржылоо үчүн Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан грант берүү жөнүндө № 2 макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2018-жылдын 26-июлунда N 62 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |