Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 25-июлу № 101
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 11, 1193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
а) 1-бөлүгүндө:
биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Топтолмо пенсиялык фонду (мындан ары - фонд) - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиянын негизинде пенсиялык төгүмдөрдү тартуу жана пенсиялык төлөмдөр боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак:";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү жана бешинчи абзацтар менен толукталсын:
"корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу келишимдерине ылайык фонддун катышуучуларын корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу боюнча;
кесиптик пенсиялык камсыздандыруу жөнүндө келишимдерге ылайык фонддун катышуучуларын кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча.";
б) 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "Фонддун катышуучуларын мамлекеттик эмес пенсиялык камсыз кылуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин ", корпоративдик пенсиялык камсыз кылуу жана кесиптик пенсиялык камсыздандыруу боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-берене менен толукталсын:
"2-1-берене. Фонддордун түрлөрү
1. Фонддор төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
1) ачык;
2) корпоративдик: