КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 30-июлу № 108
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ап Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Тосту айылы деп аталсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Туюк-Жар айылы деп аталсын.
3-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Өлөң-Булак айылы деп аталсын.
4-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Чарбак айылы деп аталсын.
5-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат калктуу конушу айыл категориясына киргизилсин жана ал Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын Кара-Башат айылы деп аталсын.
6-берене.
Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районундагы Кашка-Суу айыл аймагынын жаңы түзүлгөн Тосту, Туюк-Жар, Өлөң-Булак, Чарбак жана Кара-Башат айылдарынын чек араларынын баяндамалары бекитилсин.
7-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |