Редакцияот 29.07.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 29-июлу № 104

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө

2019-жылдын 26-июнунда

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

2019-жылдын 24-майында Бишкек шаарында кол коюлган, 2017-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу жөнүндө долбоорду каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу макулдашуу-кат ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына (Дүйнөлүк банк) жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков