Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 113
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 8, 396-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды классификациялоо
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын, жазык-аткаруу тутумунун, бажы кызматтарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы аскер кызматчысынан (курсанттан) тартып улук прапорщикти кошо алганда;
орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып капитанды кошо алганда;
улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти кошо алганда;
жогорку аскердик жана атайын наамдар - генерал-майордон тартып жана андан жогору.
Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары төмөнкүдөй бөлүнөт:
орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып салык кызматынын 1-рангдагы инспекторун кошо алганда;
улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы кеңешчисинен тартып салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчисин кошо алганда;
жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангдагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып жана андан жогору.
Саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери өзүнө төмөнкүдөй класстык чендерди - мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинен тартып мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчисин кошо алганда камтыйт.
Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын класстык чендери төмөнкүлөргө бөлүнөт: