Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 114
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 26-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 453-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
а) биринчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын банктарында" деген сөздөрдөн кийин ", микрофинансылык компанияларда жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда" деген сөздөр менен толукталсын;
б) экинчи сүйлөмдөгү "банктардын" деген сөздөрдөн кийин ", микрофинансылык компаниялардын жана турак жай-сактык кредиттик компаниялардын" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 1-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын банктарында, микрофинансылык компанияларында жана турак жай-сактык кредиттик компанияларда аманатчылардын депозиттерин (аманаттарын), турак жай-сактык аманаттарын (депозиттерин) (мындан ары - депозиттерди) милдеттүү коргоо системасын (мындан ары - депозиттерди коргоо системасы) түзүү жана анын иштөөсү боюнча мамилелерди, Депозиттерди коргоо фондун түзүү жана пайдалануу, кепилденген учурлар келгенде аманаттар боюнча компенсацияларды төлөп берүү, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттиктин, коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын, Улуттук банктын, мамлекеттик бийлик органдарынын ортосундагы мамилелерди жана ушул чөйрөдө жаралган башка мамилелерди жөнгө салат.";
б) 3-бөлүк "банктарга" деген сөздөн кийин ", микрофинансылык компанияларга жана турак жай-сактык кредиттик компанияларга" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 2-беренеде:
а) үчүнчү абзацта "Реестрине" деген сөз "реестрине" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) берене төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи-сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"Турак жай-сактык кредиттик компания - айрым банк операцияларын жүргүзүүгө укук берүүчү Улуттук банктын лицензиясы бар, банктык эмес финансылык-кредиттик уюм, анын иши аманатчылардын акча каражаттарын турак жай-сактык аманаттарына (депозиттерге) топтоого жана аманатчыларга жекече курулуш үчүн жана турак үйлөрдү (батирлерди) сатып алуу же турак жай шарттарын жакшыртуу, анын ичинде мамлекеттик турак жай программаларынын алкагында жакшыртуу үчүн кредиттерди берүүгө багытталган.
Турак жай-сактык кредиттик компания-катышуучу - ушул Мыйзамга ылайык турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реестрине кирүүчү турак жай-сактык кредиттик компания.
Микрофинансылык компания - акционердик коом формасында түзүлгөн, Улуттук банктын лицензиясын алган жана юридикалык жана жеке жактарды микрокредиттөөнү жана операциялардын башка түрлөрүн, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардан мөөнөттүү аманаттарды тартууну жүзөгө ашыруучу адистешкен финансылык-кредиттик мекеме.