Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 117
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-берене менен толукталсын:
"1-1-берене. Жарандардын шайлоого катышуу принциптери
1. Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо бирдей жана тикелей шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасында шайлоо республиканын жарандарынын өз шайлоо укуктарын эркин жана ыктыярдуу жүзөгө ашырышына негизденет. Жарандарды шайлоого катышууга же катышпоого мажбурлоо максатында аларга, ошондой эле алардын өз эркин билдирүүгө таасир этүүгө эч кимдин укугу жок.
2. Ушул беренеде көрсөтүлгөн принциптерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке алып келет.";
2) 2-беренеде:
а) берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"мамлекеттик портал - мыйзамдарда белгиленген тартипте түзүлгөн жана актуалдаштырылган шайлоо участоктору, райондор, шаарлар боюнча жана жалпы эле республика боюнча шайлоочулардын электрондук форматтагы тизмелери жөнүндө, шайлоо дарегинин (шайлоо участогунун номери) өзгөрүлгөндүгү жөнүндө, жарандардын шайлоого катышкандыгы жөнүндө маалыматтарды камтыган, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген идентификациялоо жана аутентификациялоо боюнча талаптарды сактоо менен өздөрүнүн маалыматтарын тактоо жана өзгөртүү үчүн шайлоочуларга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик органдын интернет-сайты;";
б) сегизинчи абзацтагы "(ID-карта)" деген сөздөр алып салынсын;
в) берене төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулар - жалпы угуусунун, көрүүсүнүн, таяныч-кыймыл аппаратынын функцияларынын бузулушунан ачык көрүнгөн турмуш-тиричилигин чектөөгө алып келген ооруулар, жаракаттардын же кемтиктердин кесепети менен шартталган, организмдин функцияларында туруктуу бузулушу бар ден соолугу бузулган, жалпы шартта активдүү шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жарандары;";
г) берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын:
"шайлоочуларды маалымдоо - шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү жана шайлоо комиссияларынын, шайлоо участокторунун иши, шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн жана өзгөртүүнүн тартиби, добуш берүүгө катышуунун тартиби, добуш берүүнүн тартиби, добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөөнүн жана шайлоонун натыйжаларын аныктоонун тартиби жөнүндө маалыматтарды даярдоо жана жайылтуу боюнча иш; тигил же бул талапкер, саясий партиялар үчүн же аларга каршы шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерин камтыбаган жана кандайдыр бир талапкерге (талапкерлерге), саясий партияга (саясий партияларга) артыкчылык түзбөгөн шайлоо комиссияларынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын талапкер (талапкерлер) жана саясий партия (саясий партиялар) жана алардын программалары жөнүндө расмий маалымат;