Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 8-августу № 118
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө", "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 27-июнунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
(КР 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2-берене.
"Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 5, 228-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
3-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3-статья. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөндөгүлөр негиз болуп саналат:
1) анын депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу же фракциядан чыгуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз берүүсү;
2) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгышы, жарандыгын жоготуусу, башка жарандыгынын бар экендиги тууралуу фактынын айкындалышы, же болбосо башка жарандыкты кабыл алышы;
3) депутаттык ыйгарым укуктарын аткаруусуна сыйышпаган башка ишке өтүшү же мындай иштен кетпеши;
4) башка кеңештин депутаты болуп шайланышы;
5) тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү коомдоштугунда депутаттын мүчөлүгүнүн токтотулушу;
6) шайлоонун жараксыз деп таанылышы;
7) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгып кетиши;