Редакцияот 14.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2019-жылдын 14-октябры № 119

2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2019-жылдын 11-сентябрында

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши тарабынан

кабыл алынган

1-берене.

2018-жылдын 23-августунда Ашхабад шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркмөнстандын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салууну жоюу жана киреше салыгын төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте түркмөн тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 18-октябрындагы N 87 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С. Жээнбеков