КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 14-ноябры № 127
2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 24-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2019-жылдын 6-апрелинде Марракеш шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү максатында ислам шериктештик фондунун администратору катары) ортосундагы "Баткен жана Талас областтарында айылдарды суу менен жабдууну жана санитарияны жакшыртуу" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Ислам өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 19-ноябрындагы № 96 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |