Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 9-декабры № 136
2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө
2019-жылдын 13-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга кошулсун.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте депозитарий болуп саналган Глобалдык жашыл өсүш институтунун катчылыгынын Башкы директоруна 2012-жылдын 20-июнунда Рио-де-Жанейро шаарында кол коюлган Глобалдык жашыл өсүш институтун түзүү тууралуу макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулганы жөнүндө грамотаны депонирлесин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 13-декабры № 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |