Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2019-жылдын 9-декабры № 137
2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
2019-жылдын 13-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |
1-берене.
2016-жылдын 12-августунда Сочи шаарында кол коюлган 2015-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин өз ара соода жүргүзүүдө озонду бузуучу заттарды жана аларды камтыган продукцияларды өткөрүү жана озонду бузуучу заттарды эсепке алуу жөнүндө макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 13-декабры № 103 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С. Жээнбеков |