Редакцияот 21.02.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 21-февралы № 19

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу

2020-жылдын 16-январында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Мажбурлап иштетүү жөнүндө 1930-жылдагы Конвенцияга 2014-жылдагы протоколду ратификациялоо тууралуу грамотаны депозитарий болуп саналган Эл аралык эмгек уюмунун башкы директоруна депонирлесин.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 28-февралындагы № 23(3095) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков