Редакцияот 20.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 20-марты № 28

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Үрөн жөнүндө", "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө", "Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

2020-жылдын 13-февралында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

"Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

12-статьянын 1-пунктунун он биринчи абзацында "административдик укук бузуулар жөнүндө" деген сөздөр "бузуулар жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2-берене.

"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 5, 263-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 11-статья күчүн жоготту деп таанылсын;

2) 22-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"22-статья. Ушул Мыйзамды бузганы үчүн жоопкерчилик

Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.";

3) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.

3-берене.

"Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы 2015-ж., № 1, 2-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

14-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Ушул Мыйзамдын бузулушуна күнөөлүү жарандар жана кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартылат.".

4-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30(3102) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков