КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 9-апрели № 35
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандумун ратификациялоо тууралуу
2020-жылдын 5-мартында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
|
1-берене.
2019-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Бийик тоолуу биология жана медицина боюнча биргелешкен илимий-изилдөө иштери боюнча кызматташтык меморандуму ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Индия Республикасынын Өкмөтүнө жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 21-апрелиндеги № 33(3105) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Ш. Жээнбеков |