Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 12-августу № 123

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

301-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"301-берене. Бонус салыгын төлөөчү

Жер астындагы сууларды чыгарып алуу жана пайдалануу боюнча суу менен камсыздоочу атайын уюмдарды жана калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн, ошондой эле мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана балык өстүрүү чөйрөсүндөгү айылдык товар өндүрүүчүлөр үчүн жер астындагы сууларды чыгарып алуу боюнча уюмдарды кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укугуна ээ ата мекендик уюмдар, туруктуу мекеме аркылуу Кыргыз Республикасында ишти жүзөгө ашырган чет өлкөлүк уюмдар, ошондой эле жеке ишкерлер бонус салыгын төлөөчүлөр болуп саналышат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 14-августундагы № 64(3136) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков