Редакцияот 29.07.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2020-жылдын 29-июлу № 96

2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

2020-жылдын 25-июнунда

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

 

1-берене.

2020-жылдын 22-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорун кошумча каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 4-августундагы № 61 (3133) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Ш. Жээнбеков