Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2020-жылдын 22-августу № 142
Саламаттык сактоо жана медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР 2024-жылдын 12-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
""Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 2, 103-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
"11-статья. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам мамлекеттик бийлик органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болгон Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруунун укуктук, уюштуруучулук жана каржылоо негиздерин аныктайт.";
3) 3-статьяда:
а) үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу программаларын каржылоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган.";
б) төртүнчү бөлүгүндө "Кыргыз Республикасынын Медициналык камсыздандыруу фондуна" деген сөздөр "базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органга" деген сөздөргө алмаштырылсын;
в) статья төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү жана он бешинчи бөлүктөр менен толукталсын:
"Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана каржылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жүзөгө ашырууга, координациялык жөнгө салууга жана аткаруу функцияларын аткарууга Өкмөт тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы.
Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасы (мындан ары - Мамлекеттик кепилдиктер программасы) - бул саламаттык сактоо, базалык мамлекеттик жана милдеттүү медициналык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, менчигинин формаларына карабастан, саламаттык сактоо уюмдарында жарандардын медициналык-санитардык жардам алууга укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу медициналык-санитардык жардамдын кепилденген көлөмдөрү, түрлөрү жана шарттары.";
4) 32 жана 33-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"32-статья. Базалык мамлекеттик медициналык камсыздандыруунун максаты