Редакцияот 31.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 31-марты № 45

2014-жылдын 30-майындагы Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыз кылуу жаатындагы кызматтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене

2014-жылдын 30-майындагы Минск шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин куралдуу күчтөрүн топогеодезиялык жана навигациялык камсыз кылуу жаатындагы кызматтык жөнүндө макулдашууну ратификациясын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлансын.

3-берене

Ушул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Президент Кыргызской Республики

С.Жапаров