Редакцияот 06.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 6-апрели № 47

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

5-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

"күйөөсү кызматы боюнча түздөн-түз мамлекеттик чек араны кайтаруу бөлүмчөлөрүнө орун которгонуна байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгү болбогондо аял-аскер кызматчыларынын командирдин (начальниктин) карамагында болуусу - аскердик кызмат өтөгөн бардык мезгилде беш жылдан ашпашы керек.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги N 32 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров