КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 16-апрели № 54
2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду (1) ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2019-жылдын 1-октябрында Ереван шаарында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол (1) ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 35 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2021-жылдын 10-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |