Редакцияот 05.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 5-марты № 25

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы 2007-жылдын 27-июнундагы макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу Протоколду ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2019-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүү жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ортосундагы 2007-жылдын 27-июнундагы макулдашууга толуктоолорду киргизүү тууралуу Протокол ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 12-мартындагы № 18 (3197) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров

 

2021-жылдын 20-январында 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган