Редакцияот 22.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 22-майы № 65

Салытык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу

1-берене

Салытык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж, № 7-8, 490-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

138-берене төмөнкүдөй мазмундагы 9-1-пункт менен толукталсын::

"9-1) чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин документин берүү үчүн;".

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөтө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

        Президенти

С.Н. Жапаров