Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 5-майы № 60
Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2026-жылдын 13-майындагы № 63 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Укуктук жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам укук бузуулардын алдын алуунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт жана Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын aiyy чөйрөсүндө келип чыгуучу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) укук бузуу - укук бузуу жана кылмыш кылуу объекттеринин муну жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик каралган укукка каршы жосуну (аракети же аракетсиздиги);
2) укук бузуулардын алдын алуу - укук бузуулардын алдын алуу субъекттери тарабынан көрүлүүчү, жарандарды коргоо деңгээлин жогорулатууга, кылмьш1туулуктун деңгээлин төмөндөтүүге, укук бузууларды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоого, четтетүүгө түздөн-түз же кыйыр түрдө багытталган укуктук, социалдык-экономикалык, психологиялык, маалыматтык, уюштуруучулук жана башка чаралардын системасы;
3) укук бузуулардын алдын алуу предмети – укук бузуу жана кылмыш субъекттери тарабынан укук бузуулардын жасалышына өбөлгө болуучу объективдүү жана субъективдүү себептер жана шарттар;
4) укук бузуулардын алдын алуу объекти - укук бузуулардын алдын алуу багытталган жеке жана юридикалык жактар;
5) укук бузуулардын алдын алуу субъекти - ушул Мыйзамга ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары. Коммерциялык эмес уюмдар, юридикалык жана жеке жактар укук бузуулардын алдын алууну жүзөго ашырууда алдын алуу субъекттерине көмөк көрсөтө алышат;
6) социалдык тобокелдик топторундагы адамдар - турмуштук оор кырдаалдарга туш болгон, экономикалык, социалдык кыйынчылыктарга, ички жана тышкы миграцияга байланышкан көйгөйлөрдү башыиан өткөрүп жаткан үй-бүлөлөрдө жашаган жарандар, анын ичинде бапдар жана жаштар;
7) социалдык жат жүрум-турум – укук бузуу же кылмыш болуп саналбаган, бирок укук бузууларга алып келиши мүмкүн болгон жеке жактын аракети же аракетсиздиги;
8) укук бузуулардын алдыи алуу боюнча биргелешкен план - конкреггүү аймакта укук бузуулардын алдын алуу боюнча күн мурунтан белгиленген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилген иш-чаралардын комплекси.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук негизи