Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 13-августу № 100
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 7, 902-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-берене төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу бөлүк менен толукталсын:
"Айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз жер участогу - мелиоративдик процесстерди жүргүзүүгө мүмкүн болбогон, айыл чарба техникасынын жеткиликтүүлүгү чектелген, жеке турак үйлөрдүн курулушуна, которуу жөнүндө чечим кабыл алынганына, максаттуу багыттагы - айыл чарба жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт чыгарылганына байланыштуу аны максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган контурдагы жер участогу.";
2) 4-берененин 2-бөлүгүндө "айыл чарба жерлерин" деген сөздөр "чарба жерлеринин түрлөрүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4 "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын орду толтурулбайт.
Инфратүзүмдү камсыз кылуу менен байланышкан чыгымдар которулуп (трансформацияланып) жаткан жеке менчик жер участокторунун менчик ээсине жүктөлөт.";
4) 9-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которууда жер участокторунун ээлери жерди которуп берүү жөнүндө райондун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын туруктуу иштөөчү комиссиясына арыз беришет.";
5) 12-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 13-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди которуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";