КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 2-сентябры № 106
2021-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2021-жылдын 13-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Kыргыз Республикасы менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына Гранттык макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол- жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 29-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |