КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 8-сентябры № 110
2021-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча долбоорду" даярдоого карата грант, ECAPDEV № TFOB3890 грант макулдашуу-катты ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2021-жылдын 12-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы "Суу коопсуздугу жана суунун сапаты боюнча долбоорду" даярдоого карата грант, ECAPDEV № TFOB3890 грант макулдашуу-кат ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына көрсөтүлгөн Макулдашуу-каттын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 95 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 28-июлунда | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |