Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-сентябры № 121
Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө
(КР 2024-жылдын 28-февралындагы № 61 , 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети, максаты жана негизги милдеттери
1. Ушул Мыйзам Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясына (мындан ары - ДСУ ТКАК) ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекинин, никотиндин таасиринен коргоо чөйрөсүндөгү коомдук мамилелерди жөнгө салат жана тамеки заттарынан бөлүнүп чыккан заттарсыз абага жарандардын укугун бекемдейт, ошондой эле тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринен келип чыккан ооруларды азайтуу жана алардын алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү камсыз кылат.
2. Ушул Мыйзамдын негизги максаты тамеки заттарынын бардык түрлөрүн керектөөнүн алдын алуу жана кыскартуу менен тамекини жана никотинди керектөөгө байланышкан оорулар менен ооруп калууну жана өлүмгө учуроону азайтуу болуп саналат.
3. Ушул Мыйзамдын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жарандардын ден соолугун тамекини, никотинди керектөө жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун тийгизген таасиринин кесепеттеринен коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ДСУ ТКАК жоболорун ишке ашыруу;
2) Кыргыз Республикасында тамекини жана никотинди керектөөнүн таралышын туруктуу азайтуу үчүн шарттарды түзүү;
3) жарандардын ден соолугун тамекинин жана никотиндин таасиринен коргоо боюнча чараларды жүзөгө ашыруу;
4) айланадагы тамеки түтүнүсүз жана аэрозолсуз таза абага жарандардын укуктарын жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу,
5) калк арасында тамеки жана никотин эпидемиясын алдын алуу жана кыскартуу боюнча секторлор аралык деңгээлде макулдашылган иш-чараларды жүргүзүү;
6) тамекиге каршы пропаганда жүргүзүү, тамеки жана никотин заттарын керектөөнүн зыяны жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун зыяндуу таасири жөнүндө калктын билим деңгээлин жана маалымдар болуусун жогорулатуу;