Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 11-октябры № 122

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө

 

(КР 2024-жылдын 10-январындагы № 5,  2024-жылдын 12-январындагы № 12, 2025-жылдын 9-июнундагы № 112, 2025-жылдын 28-июлундагы № 161, 2025-жылдын 9-августундагы № 194 конституциялык Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Жөнгө салуу предмети. Аткаруу бийлигинин органдарынын тутуму

1. Ушул конституциялык Мыйзам төмөнкүнү аныктайт:

1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетин (мындан ары - Министрлер Кабинети), аткаруу бийлигинин башка органдарын түзүүнүн жана ишин уюштуруунун тартибин, алардын укуктук статусун;

2) Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилеринин, алардын орун басарларынын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин, укуктук коргоосун жана социалдык кепилдиктерин.

2. Аткаруу бийлигинин органдарынын тутумун төмөнкүлөр түзөт:

1) Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент);

2) Министрлер Кабинети;

3) министрликтер жана мамлекеттик комитеттер;

4) администрациялык ведомстволор;

5) Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү (мындан ары -ыйгарым укуктуу өкүл);

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялар.

3. Президент аткаруу бийлигине башчылык кылат жана ишин жетектейт.

4. Президент Президентке караштуу мамлекеттик органдарды жана мекемелерди түзүүгө укуктуу.

2-берене. Министрлер Кабинетинин укуктук статусу