Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр,
2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет,
КР 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2023-жылдын 25-декабрындагы Протокол күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын-6-октябрындагы № 148 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2026-жылдын 1-ноябрынын тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ КОДЕКСИ
2021-жылдын 28-октябры № 128
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 22, 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 26, 2022-жылдын 16-июнундагы № 45, 2022-жылдын 30-июнундагы № 51, 2023-жылдын 15-февралындагы № 26, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2023-жылдын 15-мартындагы № 58, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2023-жылдын 7-июлундагы № 133, 2023-жылдын 4-августундагы № 156, 2023-жылдын 4-августундагы № 163, 2023-жылдын 9-августундагы № 176, 2023-жылдын 9-августундагы № 178, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186, 2024-жылдын 18-январындагы № 18, 2024-жылдын 24-январындагы № 26, 2024-жылдын 8-февралындагы № 41, 2024-жылдын 27-февралындагы № 58, 2024-жылдын 28-февралындагы № 61, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 11-июнундагы № 93, 2024-жылдын 27-июнундагы № 106, 2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2024-жылдын 29-июлундагы № 151, 2024-жылдын 29-июлундагы № 153, 2024-жылдын 30-июлундагы № 157, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2024-жылдын 31-октябрындагы № 172, 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 186, 2024-жылдын 6-декбрындагы № 195, 2024-жылдын 30-декабрындагы № 208, 2025-жылдын 21-январындагы № 17 , 2025-жылдын 27-январындагы № 28, 2025-жылдын 27-январындагы № 30, 2025-жылдын 10-февралындагы № 36 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 28-февралындагы № 49, 2025-жылдын 14-мартындагы № 54, 2025-жылдын 14-мартындагы № 56, 2025-жылдын 16-апрелиндеги № 75, 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 80 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88, 2025-жылдын 19-майындагы № 95, 2025-жылдын 19-майындагы № 98,
2025-жылдын 21-майындагы № 99 , 2025-жылдын 22-майындагы № 103, 2025-жылдын 10-июнундагы № 114, 2025-жылдын 11-июнундагы № 116, 2025-жылдын 8-июлундагы № 135 , 2025-жылдын 18-июлундагы № 152,2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 2025-жылдын 31-июлундагы № 180, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 , 2025-жылдын 11-августундагы № 196 , 2025-жылдын 13-августундагы № 199, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 214, 2025-жылдын 24-октябрындагы № 233, 2025-жылдын 28-октябрындагы № 238, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 , 2025-жылдын 3-ноябрындагы № 249, 2025-жылдын 6-ноябрындагы № 253, 2025-жылдын 12-ноябрындагя № 255, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 54, 2026-жылдын 13-майындагы № 63, 2026-жылдын 1-июнундагы № 78, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 23-июнундагы № 93, 2026-жылдын 14-июлундагы № 110, 2026-жылдын 3-августу № 141, 2026-жылдын 6-августундагы № 145, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 149
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УКУК БУЗУУЛАР ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ АКТЫЛАРЫ
1-глава. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдардын милдеттери жана принциптери
1-берене. Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары
Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдары (мындан ары – мыйзамдар) Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) негизделет жана ушул Кодекстен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан (мындан ары – мыйзамдар), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат, алар Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун курамдык бөлүгү болуп саналат.
2-берене. Укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарынын милдеттери
1. Ушул Кодекстин милдеттери болуп адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын, коомдук жана мамлекеттик кызыкчылыктарды, айлана-чөйрөнү, коомдук башкаруу тартибин укукка каршы кол салуулардан коргоону укуктук камсыз кылуу саналат.
2. Ушул Кодекс көрсөтүлгөн милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин принциптерин жана негиздерин белгилейт, кандай жосундар укук бузуулар болуп саналарын, алар жөнүндө иштерди кароо тартибин, аларды жасагандыгы үчүн жаза чараларынын жана кошумча укуктук кесепеттердин түрлөрүн аныктайт.