Загрузка документа…
КР 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын-6-октябрындагы № 148 Мыйзамы менен киргизилген өзгөтүүлөр, 2026-жылдын 1-ноябрынын тартып күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КЫЛМЫШ-ЖАЗА ПРОЦЕССУАЛДЫК КОДЕКСИ
2021-жылдын 28-октябры № 129
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4, 2023-жылдын 15-февралындагы № 28, 2023-жылдын 30-мартындагы № 75, 2023-жылдын 12-июнундагы № 118, 2023-жылдын 22-июнундагы № 122, 2023-жылдын 26-июлундагы № 149, 2023-жылдын 2-августундагы № 151, 2023-жылдын 10-октябрындагы № 186, 2023-жылдын 22-декабрындагы № 209, 2024-жылдын 22-январындагы № 24, 2024-жылдын 16-февралындагы № 49, 2024-жылдын 16-февралындагы № 50, 2024-жылдын 2-апрелиндеги № 73, 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 75, 2024-жылдын 16-майындагы № 86, 2024-жылдын 3-июлундагы № 112,2024-жылдын 22-июлундагы № 133, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136 , 2024-жылдын 5-августундагы № 160, 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 182, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 19-февралындагы № 40, 2025-жылдын 19-февралындагы № 42 , 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 , 2025-жылдын 28-июлундагы № 160, 9 августа 2025 года № 193, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 259, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 260, 2026-жылдын 5-июнундагы № 81, 2026-жылдын 11-июнундагы № 87, 2026-жылдын 2-июлундагы № 101, 2026-жылдын 22-июлундагы № 117, 2026-жылдын 24-июлундагы № 125, 2026-жылдын 28-июлундагы № 133, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
ЖАЛПЫ БӨЛҮК
НЕГИЗГИ ЖОБОЛОР
1-глава. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары жана аны колдонуу чөйрөсү
1-берене. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза сот өндүрүшү жөнүндө мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза сот өндүрүшү Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары – Конституция) жана ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары Конституцияга негизделген ушул Кодекстен, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен жана ченемдеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары – эл аралык келишимдер) турат.
3. Кылмыш-жаза процессуалдык сот өндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболору ушул Кодекске киргизилген шартта гана колдонулууга жатат.
4. Эгерде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине же Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чечилүүсү тийиш болгон маселени кароо зарылдыгы келип чыкса, ал тиешелүү тартипте чечилет.
2-берене. Ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушу
1. Конституция Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жогорку юридикалык күчкө ээ болот жана түздөн-түз колдонулат. Ушул Кодекстин жана Конституциянын ченемдеринин ортосунда карама-каршылык болгон учурда Конституциянын ченемдери колдонулат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында Кылмыш-жаза сот өндүрүшү кылмыштын жасалган жерине карабастан, эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде ушул Кодекстин мейкиндикте колдонулушунун башка эрежелери белгиленбесе, ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.