Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 16-ноябры № 140

2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2021-жылдын 4-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуу (Экономикалык диверсификациялоону илгерилетүү программасы - 2-чакан программа) ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Азия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 135 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 27-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган