Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 138
Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө
(КР 2023-жылдын 2-августундагы № 153, 2024-жылдын 17-июлундагы № 125 , 2024-жылдын 5-августундагы № 159, 2025-жылдын 11-январындагы N 1 , 2025-жылдын 15-ноябрындагы № 261 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жактан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду аныктайт.
2. Судьялардын статусуна жана алардын компетенциясына тиешелүү башка мыйзамдар ушул конституциялык Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
1-глава. Жалпы жоболор
2-берене. Судьялар - сот бийлигин алып жүрүүчүлөр
1. Кыргыз Республикасында сот бийлиги судьялардын атынан чыгуучу төмөндөгү сотторго гана таандык:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна (мындан ары - Конституциялык сот);
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна (мындан ары - Жогорку сот);
3) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна (мындан ары -жергиликтүү соттор);
4) мыйзам менен түзүлгөн адистештирилген сотторго.
2. Судьялар деп Кыргыз Республикасынын Конституциясында (мындан ары - Конституция) жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктар берилген жана өзүнүн милдеттерин кесипкөй негизде аткарган адамдар саналат.
3. Сотко же судьяларга урмат көрсөтпөө мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.
3-берене. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар
1. Судьялардын статусу жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул конституциялык Мыйзамынан, башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актыларынан турат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат, эмгек, социалдык, материалдык-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу, мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдары судьяларга карата ушул конституциялык Мыйзамда жөнгө салынбаган бөлүгүндө жайылтылат.