КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 10-ноябры № 131
2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашууну жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2018-жылдын 2-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын финансылык эрежелери жөнүндө макулдашуу жана 2020-жылдын 28-ноябрында Стамбул шаарында кол коюлган Түрк Академиясынын бюджетине мүчө-мамлекеттердин милдеттүү төлөмдөрүнүн шкаласы жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Казакстан Республикасына Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуунун жана Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |