Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 15-ноябры № 133
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө
(КР 2023-жылдын 3-октябрындагы № 184, 2025-жылдын 9-августундагы № 194, 2026-жылдын 22-июлундагы № 118 конституциялык Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I БӨЛҮМ. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН СТАТУСУ ЖАНА АНЫН ИШИН УЮШТУРУУ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту
1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту (мындан ары - Конституциялык сот) конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.
2. Конституциялык сот бардык башка ачык бийликке көз карандысыз жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары - Конституция) гана баш иет.
3. Конституциялык сот Конституциянын үстөмдүгүн жана түз таасирин, конституциялык түзүлүштүн негиздеринин туруктуулугун, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин камсыз кылат.
2-берене. Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери
Көз карандысыздык, коллегиялуулук, ачык-айкындык, атаандаштык жана тараптардын тең укуктуулугу Конституциялык соттун ишинин негизги принциптери болуп саналат.
3-берене. Конституциялык сот жөнүндө мыйзамдар
1. Конституциялык сотту уюштуруу, анын компетенциясы, курамы, түзүлүшү, төрагасын, төраганын орун басарын дайындоо жана бошотуу тартиби Конституция жана ушул конституциялык Мыйзам менен аныкталат.
2. Конституциялык соттун компетенциясына кирген маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Конституцияда, ушул конституциялык Мыйзамда жана Конституциялык соттун регламентинде (мындан ары - Регламент) белгиленген конституциялык сот өндүрүшүнүн тартибинде жүзөгө ашырылат.
3. Конституциялык соттун судьяларынын статусу, көз карандысыздыгынын кепилдиктери, жоопкерчиликке тартуу, кызмат ордунан четтетүү жана бошотуу тартиби конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар менен аныкталат.
4-берене. Конституциялык соттун ыйгарым укуктары
1. Конституциялык сот:
1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;