Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2021-жылдын 15-ноябры № 135

2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 кошумча макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2021-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган 2019-жылдын 13-сентябрындагы Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кербен шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системасын реабилитациялоо" долбоору боюнча кредиттик макулдашууга № 1 кошумча макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

С.Жээнбеков

 

2021-жылдын 6-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган