Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр, берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 3-декабры № 147
Аудитордук иш жөнүндө
(КР 2025-жылдын 20-июнундагы № 122 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Аудитордук иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аудитордук ишти, аудитке көзөмөлдү жана аудиттин сапатына тышкы контролду жүзөгө ашырууда келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат, кесиптик аудитордук бирикмелердин ишинин укуктук негиздерин белгилейт жана мамлекеттик жана ички аудитке жайылтылбайт.
2. Эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында камтылгандан башка эрежелер жана талаптар белгиленсе, эл аралык келишимдин эрежелери жана талаптары колдонулат.
3. Банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудити Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин, ошондой эле аудиттин эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Ушул Мыйзамдын ченемдери Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына карама-каршы келбеген бөлүгүндө банктардын жана банктык эмес финансы-насыялык уюмдардын аудитине карата колдонулат.
2-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу түшүнүктөр
1 .Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
1) аудит - аудиттелүүчү субъекттин финансылык отчеттуулугун жана/же башка финансылык маалыматтарын алардын аныктыгы жөнүндө көз карандысыз пикирди билдирүү максатында көз карандысыз текшерүү;
2) аудитор - аудитордук иште 3 жылдан кем эмес иш стажы жана/же тажрыйбасы жана аудитордун квалификациялык сертификаты бар жеке жак;
3) аудитордук иш - аудит жүргүзүү жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуучу башка текшерүүлөрдү аткаруу боюнча, ошондой эле коштоочу кызматтарды көрсөтүү боюнча иш;
4) аудитордук уюм - Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уюштурулган жана ушул Мыйзамга ылайык Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын, кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган юридикалык жак;
5) аудиттелүүчү субъект - финансылык отчеттуулугуна жана (же) берилүүчү башка маалыматтарына карата аудит жүргүзүлүүчү же коштоочу кызматтар көрсөтүлүүчү субъект;
6) аудитордук корутунду - аудит жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ;
7) отчет - коштоочу кызматтарды көрсөтүүдө аудитордук уюм тарабынан түзүлгөн документ;