КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2021-жылдын 22-декабры № 153
2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 25-февралында Москва шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги россиялык тарапка көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 24-декабрындагы № 154 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2021-жылдын 3-ноябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |