Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 20-январы № 7

2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2020-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Кайтарымсыз жардам жөнүндө алкактык макулдашууга Кошумча макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги корея тарапка жогоруда көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 25-январындагы № 11 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 22-декабрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган