КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 7-марты № 18
"2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1- берене
"2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну жана 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Кыргыз Республикасындагы жер көчкү тобокелдиктерин башкаруу" долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргыз Рсспубликасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда көрсөтүлгөн Макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2022-жылдын 7-мартындагы N 24 (3359) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |
2022-жылдын 16-февралында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |