Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 1-апрели № 21

Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 ,  2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

(Преамбула Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

1-берене. Ушул Мыйзамдын укуктук жөнгө салуу предмети

Бул Мыйзам ушул Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.

2-берене. Терминдер жана аныктамалар

1) жер мунапысы - жер мунапысынын объектисине мыйзамдуу статус берүү боюнча бир жолку акция, ал өзүнө жер мунапысына туура келген жер мунапысынын объектилерине болгон менчик укуктарын бекитүүнү камтыйт;

2) жер мунапысынын субъектилери - мүлктүк укуктары ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жер мунапысына туура келген Кыргыз Республикасынын жарандары, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

3) жер мунапысынын объектилери - төмөнкүдөй жер участоктору:

а) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөрү бар;

б) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

в) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

г) (КР 2026-жылдын 14-июлундагы № 111 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

д) багбанчылык-дача участоктору;

е) 2021-жылдын 1-декабрына чейин түзүлгөн, жеке турак үйлөр, анын ичинде курулушу бүтө элек объектилер жайгашкан, башаламан курулуштар бар участоктордун тобунун курамына кирген, ошондой эле 2025-жылдын 1-июлун кошуп алганга чейин берилген жарандардын арыздары боюнча кандайдыр бир курулмалары жок жер участоктору;

4) ыйгарым укуктуу органдар - жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

5) өзүм билемдик менен курулган же бүтпөй калган жеке турак үйлөр - "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жеке турак жай курулушун жөнгө салуучу мыйзамда белгиленген тартипте бөлүнүп берилбеген жер участогунда жеке турак үй куруу үчүн негизсиз тургузулган объектилер.