Редакцияот 15.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 15-июлу № 65

2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2022-жылдын 13-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан финансылык кредит берүү жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Евразия өнүктүрүү банкына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

         Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

2022-жылдын 30-июнунда

 

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган