Редакцияот 25.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2022-жылдын 25-июлу № 70

2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун 2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган протоколун ратификациялоо жөнүндө

1-берене.

2018-жылдын 17-майындагы Бир тараптан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода аймагын түзүүгө багытталган убактылуу макулдашуунун 2022-жылдын 14-мартында Тегеран шаарында кол коюлган протоколу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 16-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган