Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 13-декабры № 118
Өрт коопсуздугу жөнүндө
(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 16 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Өрт коопсуздугу түшүнүгү
Кыргыз Республикасындагы өрт коопсуздугу укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысын түзөт.
2-берене. Өрт коопсуздугунун укуктук негизи
Өрт коопсуздугу системасынын укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана башка ченемдик укуктук актылар, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
3-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) өрт коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - коргоо, алдын алуу жана өрт өчүрүү объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарын аткарууну контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча, ошондой эле авариялык-куткаруу жана башка кечиктирилгис иштерди жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
2) өрт - материалдык зыян алып келүүчү, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү контролдонбогон күйүү;
3) өрт коопсуздугу - инсандын, мүлктүн, коомдун жана мамлекеттин өрттөн коргонуу абалы;
4) коргоо объекти - буга карата өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке же юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик же муниципалдык мүлк (аймактар, имараттар, курулмалар, транспорт каражаттары, технологиялык орнотмолор, жабдуулар, агрегаттар, буюмдар жана башка мүлктөр);
5) өрттүн алдын алуу - өрт чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн жоюуга жана алардын кесепеттерин чектөөгө багытталган алдын алуучу чаралардын жыйындысы;
6) өрткө каршы режим - тийиштүү аймактарда өрт коркунучу жогорулаган учурда мамлекеттик бийлик органдары же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленген өрт коопсуздугунун кошумча талаптары;
7) өрт коопсуздугунун системасы - укуктук, уюштуруучулук, экономикалык, социалдык, илимий-техникалык чаралардын, тарбиялык мүнөздөгү чаралардын, ошондой эле өрттүн алдын алууга жана аны жоюуга багытталган күчтөрдүн жана каражаттардын жыйындысы;
8) өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү - адамдарды, мүлктү куткарууга жана өрттү жоюуга багытталган бир убакта аткарылуучу иш-аракеттердин комплекси;