КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 18-январы № 4
2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салууну куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 15-октябрында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө келишими ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 20-январындагы N 4 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2022-жылдын 14-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |