Редакцияот 24.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

2023-жылдын 24-январы № 9

2022-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

2022-жылдын 27-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган 1999-жылдын 17-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы чек ара маселелери боюнча кызматташтык жөнүндө макулдашууга Кошумча макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө россиялык тарапка белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2022-жылдын 28-декабрында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган