Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 20-февралы № 35
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы жөнүндө
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-берене.
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасынын укуктук статусун аныктайт, ошондой эле аны менен сыйлоого байланышкан маселелерди жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (мындан ары - Ардак грамота) Кыргыз Республикасында парламентаризмди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүүгө, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга, Кыргыз Республикасында демократияны жана конституциялык түзүлүштү чыңдоого, Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө олуттуу салым кошкондугун таануу иретинде, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын жана уюмдарын сыйлоо формасы болуп саналат.
3. Ардак грамота менен Кыргыз Республикасында парламентаризмди жана демократияны өнүктүрүүгө, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоого олуттуу салым кошкондугу үчүн чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар да сыйланышы мүмкүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) Ардак грамотаны негиздейт жана анын сыпаттамасын бекитет.
5. Ардак грамотага сунуш кылуу, тапшыруу, эсепке алуу жана сактоо, сыйлоо жөнүндө тескеменин көчүрмөсүн берүү жана сыйлоо тууралуу чечимди жокко чыгаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Төрагасы) тескемеси менен бекитилет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо жөнүндө сунуштама Жогорку Кеңештин Төрагасына төмөнкүлөр тарабынан киргизилет:
1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары;
2) Жогорку Кеңештин комитеттери - чет элдик жарандарга жана уюмдарга;
3) Жогорку Кеңештин парламенттик фракциялары жана депутаттык топтору;
4) Жогорку Кеңештин депутаттары;
5) Жогорку Кеңештин Аппарат Жетекчиси - Аппараттын кызматкерлерине.
3-берене.
Ардак грамота менен сыйлоо үчүн сунуштама министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери тарабынан демилгеленет жана сыйлоо материалдары менен кошо Жобого ылайык Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 155 Мыйзамынын редакциясына ылайык)