КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2023-жылдын 24-февралы № 38
2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу менен байланышкан иштер боюнча юрисдикция жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2021-жылдын 16-сентябрында Дүйшөмбү шаарында кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин аймактарында жамааттык коопсуздук системасынын күч түзүмдөрүн жана каражаттарын убактылуу жайгаштыруу менен байланышкан иштер боюнча юрисдикция жана укуктук жардам көрсөтүү маселелери жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 25-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |